13.03.2018 14:30

77 миң Кыргызстан жараны Орусиянын  «кара тизмесинде»

  мигранттар маселеси (1 материал)

77 миң Кыргызстан жараны Орусиянын  «кара тизмесинде». Бул тууралуу бүгүн, маалымат жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчиси Медетбек Айдаралиев билдирди.

Учурда Орусияда эмгектенип жүргөн Кыргызстан жарандарынын саны 640 миң. Тактап айтканда, жалпы кыргызстандык мигранттардын 88 пайызы Россияда иштеп жүрүшөт.

«2015-жылы кара тизмеге киргендердин саны 180 миң болсо, 2017-жылы 110 миңге азайган. 2018-жылы кара тизмеге киргендердин саны 77 миңге түшкөн. 50 жаран кара тизмеге соттун чечиминин негизинде киргизилгендиктен, алардын чыгуусу кыйынчылык жаратат. Ал эми калган 27 миң жарандын маселеси быйыл чечилет», — деди Медетбек Айдаралиев.